Понедельник, 6 мая

Жерлерди басып алгандар үчүн жаза күчөтүлдү. Президент мыйзамга кол койду

0

Президент Садыр Жапаров айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Ага ылайык, жерлерди өзүм билемдик менен басып алгандар үчүн жоопкерчилик күчөтүлгөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жерлерди мыйзамсыз басып алууга жана аларга курулуш курууга жол бербөө максатында кабыл алынган мыйзамды Жогорку Кеңеш 25-майда колдоп берген.

Жаңы мыйзамга ылайык, эми айыл чарба жерлерин басып алып, аларга имарат куруп алгандар 5-10 жылга эркинен ажыратылат, айып пул 200 миң сомго чейин көтөрүлдү (мурда 100 миң болчу). Ошол эле учурда басып алуунун уюштуруучулары 10-12 жылга камалат (7-10 жыл болчу).

Мындан сырткары, Кылмыш-жаза кодекси жерди басып алууга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө беренелер менен толукталды. Алар 30-70 миң сом айып пул же үч жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Жерлерди мыйзамсыз ээлеп алуу, кеңейтүү фактыларын алдын алуу, тыюу салуу, ошондой эле жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну контролдоо министрлер кабинетине жүктөлдү. Мындан тышкары, өкмөткө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында айыл чарба багытындагы жерлерди жакшыртуу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чаралар комплексин иштеп чыгуу тапшырылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз