Воскресенье, 28 апреля

Стамбулда катуу же титирөө болоору айтылууда

0

Стамбулда күчү 7 баллдан ашкан катуу жер титирөө күтүлөт Бул тууралуу РИА Новостиге сейсмология профессору, Стамбул мэриясынын жер титирөөлөр боюнча окумуштуулар кеңешинин мүчөсү Халук Эйидоган билдирди.

«Мрамор деңизиндеги жарака активдешкен учурда күчтүү жер титирөө болот. 2030-жылга чейин мындай жер титирөөнүн ыктымалдыгы болжол менен 50 пайызды түзөт, бул аймактагы жер титирөөлөрдүн 2000 жылдык тарыхын изилдөөнүн жана геофизикалык жана сейсмикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгын талдоонун негизинде тыянак чыгарылды», деп белгиледи окумуштуу.

Анын айтымында, жер титирөө 25 миллиондон ашык калкы бар жети провинцияда болушу мүмкүн. Эйидоган илимпоздордун коркутуу максаты жок экенин жана алар тургундарды мындай кырсыкка даярданууну гана эскертип, келечекте мүмкүн болуучу зыянды азайтуу үчүн бийлик алдын ала керектүү чараларды көрөрүн түшүндүрдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз