Вторник, 21 мая

Кыргызстанда көмүрдү экспорттоого убактылуу тыюу салуу пландалууда

0

Кыргызстан көмүрдү экспорттоого убактылуу тыюу салууну пландоодо. Министрлер кабинети тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Кыргызстандын аймагынан көмүрдү (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2701 жана 2702 коддору менен классификацияланган) автомобиль транспорту менен ташып чыгууга (кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрүү пунктарын кошпогонда) 8 айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салууну киргизүү сунушталууда.

Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, Кыргызстандагы суунун аз болушу болжолдонгон мезгилди, ошондой эле жай мезгили үчүн адаттан тыш болгон түштүк региондун ички рыногунда бүгүнкү күндө жеке сатуучуларда көмүрдүн чекене баасынын жогорулашын эске алуу менен, 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилинде атамекендик көмүрдүн жетишсиздигинен калкты катуу отун менен жетиштүү камсыз кылууда мүмкүн болуучу кризистик олуттуу кооптонуулар бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз