Вторник, 7 мая

Таксистти 14 жолу бычактаган шектүү өспүрүм чыкты

0

Чүйдө таксистке 14 жолу бычак шилтеген шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, өспүрүм кармалып, учурда сурак берип жатат.

Эске салсак, 10-июлга караган түнү эркек киши Бишкектеги Туңгуч кичи районунан таксиге отуруп, айдоочудан Новопавловка айылына жеткирип коюуну өтүнгөн. Алар белгиленген жерге жеткен соң кылмышкер айдоочуга бычак менен кол салган. Автоунаанын ачкычын алууга аракет кылып, бирок таксист каршылык көрсөтүп, качканга жетишкен.

Кол салган адам из жашырган. Таксист ооруканага жаткырылып, 14 жолу бычак жеген. Шектүүнү тартип сакчылары издеп жатышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз