Суббота, 4 мая

Жапаров Сауд Арабияда өтчү саммитке катышат

0

Президент Садыр Жапаров 19-июлда Жидда шаарында өтө турган Булуңдагы араб мамлекеттери жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин саммитине чакырылды. Аны Сауд Арабия падышасынын атынан элчи Ибрахим бин Ради Аль-Радини тапшырды.

Өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, дипломат Жапаровдун кабыл алуусунда болгон.

Мамлекет башчысы Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу Кыргызстанда социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда Сауд Араб падышалыгынын колдоосун жогору баалады. Ал туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты, тактап айтканда, жакынкы арада эки өлкө ортосунда түз үзгүлтүксүз авиакаттам ачылгандыгын сөз кылды.

Элчи Ибрахим бин Ради Аль-Ради Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдул Азиз Аль Сауддун аталган саммитке чакыруу катын тапшырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз