Четверг, 9 мая

Улукбек Карыбек уулу кармалышы боюнча билдирүү жасады

0

Блогер Улукбек Карыбек уулуна бейбаштык беренеси менен иш козголуп, ал 48 саатка камакка алынды.

Көп өтпөй эле соцтармакка блогердин видео кайрылуусу жарыяланды.

«Кылмыш иши ачылып жатат. Бул Оштогу төрөт үйүндөгү мыйзам бузууларды ачыктаганга байланыштуу. Жагдайга мекеменин башында турган министрдин тиешеси бар деген күмөнүм бар. Бул жөн гана буюртма, биз эч кандай мыйзым бузган жокпуз. Болгону карапайым элдин укугун так, даана коргогонго аракет кылдык. Бул медициналык мекемелердин мага карата чабуулу деген ойдомун. Биз адилеттүлүк үчүн күрөшүбүздү токтотуп калбайбыз. Сот органдары адилеттүү чечим чыгарат деген үмүттөбүз. Мындан тышкары Билим берүү министрлигинин тиешеси бар деп ойлойм. Себеби ал жаатта да видео тартканбыз, бирок материал чыга элек болчу», — деди ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз