Понедельник, 20 мая

Күн дагы ысыйбы?

0

Кыргызстанда 17-20-июль күндөрү абанын температурасы кескин түрдө жогорулап, ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Синоптиктердин маалыматына караганда, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36…41 градуска чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 34…39°ка чейин жогорулашы жогорулайт.

Мындай кургак ысык аба ырайында күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө аракет кылуу сунушталат. Адистер сууну көбүрөөк ичип, ысык өткөрүп алуудан сак болууга, жогорку кан басым, жүрөк оору менен жабыркагандар бул күндөрү сыртка жана сапарга чыгуудан баш тартып турууга чакырат.

Мындан сырткары, айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз