Орусиянын президенттигинин (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кара деңиз дан коридору келишими токтотулганын жана тийиштүү шарттар колдонулганда Орусиянын келишимге кайтып келерин билдирди.
Песков Украина жана Орусиядан бүгүн бүтө турган дан агып чыгуулары үчүн ишке ашырылган Кара деңиз дан коридору келишими тууралуу маалымат берди.
Келишимдин мөөнөтү 17-июлда аяктаганына көңүл бурган Песков : «Дан коридору келишими чындыгында бүттү, ал токтотулду. Орусия тиешелүү шарттар аткарылар замат дароо дан келишимине кайтып келет. Орусияга байланыштуу келишим аткарылган жок»,-деп айтты.
Келишимдин токтотулушунун Крым көпүрөсүндөгү кол салуу менен эч кандай байланышы жок экенине көңүл бурган Песков келишим аткарылбаса, мындай чечимди Орусиянын президенти Владимир Путин ишке ашыра турганын мурда эле билдиришкендерин эске салды.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Ria агенттигине берген маалыматында : «Орусия келишимдин узартылышына каршылыгын бүгүн түрк жана украин тараптарына жана Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысына расмий түрдө билдирди»,-деп айтты.