Пятница, 15 ноября

Эми Конституциялык соттун чечимдери да өзгөрүшү мүмкүн

0

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

Президенттин сайтына жарыяланган долбоордо бул мыйзамды аталган соттун чечимин кайра кароого жол ачкан 52-берене менен толуктоо каралган.

Документте Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен төмөнкү жагдайда кайра каралышы ыктымалдыгы көрсөтүлгөн.

1) чечим кабыл алууга негиз болгон Конституциянын ченеми өзгөрсө;

2) чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;

3) чечим Кыргызстан элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.

Азыркы мыйзамга ылайык, Конституциялык соттун чечими кайра кароого жатпайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз