Кыргыздар өлө жалкоо калкпыз, муну азыр өзүм көрүп жатам. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жолду куруу үчүн алынган техникаларды тапшыруу учурунда билдирди.
Ал элдин жалкоолугу тууралуу бир анекдот айтып берген.
«Чет өлкөлүктөр айылды аралап баратса беш-алты бала жумушсуз турат дейт. Саясаттан укмуш сүйлөп жаткан экен. «Эмне турасыңар, иштебейсиңерби?» десе «жумуш жок» дептир. «Тетиги жерде завод, фабрикада жүздөн ашуун орун бар, жумушчуларды издеп жүрөт го» десе, «ал жакка барсаң иштеш керек да» дептир. Ушундай анекдоттордун баары турмуштан алынат. Биз, кыргыздар, өлгүдөй жалкоо калкпыз. Мен муну азыр өзүмдүн жон терим менен сезип жатам», — деди Жапаров.