Пятница, 15 ноября

Эртай Исаков беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

0

Сокулук райондук сотунун чечими менен белгилүү блогер, Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эртай Исаков эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирет.

Ал КР КЖКнин 279-беренеси (Мыйзамсыз жол тосуу) жана 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча айыпталууда.

Эске сала кетсек, 14-июлда саат 20:30да Сокулук районунун Селекционное айылында болжол менен 150дөн ашык белгисиз адамдар алдын ала макулдашуу боюнча коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жүрүм-турум нормаларын одоно бузушуп, «Ичүүчү суунун жетишсиздигинен улам» деген шылтоо менен Бишкек-Күн-Туу унаа жолун тосуп, окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, аларга таш ыргытышкан.

Аталган факт Сокулук РИИБге катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 279-беренесинде көрсөтүлгөн (Мыйзамсыз жол тосуу) жана 280-беренесинде көрсөтүлгөн (Бейбаштык) кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иштери козголгон.

Кыргыз Республикасынын КЖКнин аталган беренелеринде мындай деп айтылат:

279-берене. Жолдорду мыйзамсыз тосуу

  1. Жолдорду, катнашуу жолдорун мыйзамсыз тосуу, башкача айтканда жол төшөлмөсүндө адамдардын топтолуусун жаратуу же калкалоочу курулмаларды, техниканы же башка буюмдарды орнотуу жолу менен адамдардын, автомобилдик, темир жол же башка транспорт каражатынын кыймылына бөгөт коюуга же чектөөгө багытталган олуттуу залал келтирүүгө алып келген аракеттерди уюштуруу же аны жетектөө,

— эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

  1. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жолдорду, катташуу жолдорун мыйзамсыз тосууга катышуу,

— жүз сааттан үч жүз саатка чейин коомдук иштерге же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

280-берене. Бейбаштык

  1. Бейбаштык, башкача айтканда зомбулук кылуу, же болбосо аны колдоном деп коркутуу менен, же болбосо кара ниеттиги менен айырмаланган орунсуз аракеттерди жасоо, башкача айтканда башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу менен коштолгон, же өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу эмес зомбулукту колдонуу, же аны колдоном деп коркутуу менен коштолгон коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жүрүм-турум ченемдерин атайылап бузган аракеттер, —

200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салуу же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

  1. Төмөнкүдөй жасалган бейбаштык:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) адамдардын тобу же алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) ок атуучу, газ-травмалык куралдарды, бычактарды, кастеттерди жана башка дүрмөтсүз куралдарды, же болбосо ден соолукка залал келтирүү үчүн атайын ылайыкташтырылган башка каражаттарды колдонуу же колдонуу аракети менен;

4) бийлик өкүлдөрүнө же болбосо коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерди аткаруучу адамдарга каршылык көрсөтүү менен;

5) аба, суу, деңиз кемесинин, темир жол транспортунун бортунда жасалса, —

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз