Пятница, 20 сентября

Кыргызстан Орусиянын айынан санкцияга дуушар болушу мүмкүн

0

Кремль АКШнын Кыргызстанга карата ыктымал санкциялары тууралуу маалыматка комментарий берди. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: «Кыргызстан биздин жакын өнөктөшүбүз жана союздашыбыз, андан тышкары албетте, бизди абдан өнүккөн интеграциялык процесстерге катышканыбыз да бириктирип турат», — деди. Анын айтымында, Москва бул кызматташууну өнүктүрүүнүн аракетинде.

АКШ президентинин администрациясы Кыргызстанга жаңы экономикалык чара көрүүгө камынып жатканын The Washington Post басылмасы жагдайдан кабардар аткаминерлерге шилтеме жасап 18-июлда жазган. Мындай кадам санкцияга туш болгон товарлардын Кыргызстан аркылуу Орусияга ташылуусуна бөгөт коюу үчүн жасалып жатканы белгиленген.

Макалада Кыргызстандын Орусияга экспортунун жалпы көлөмү Москва Украинага кол салгандан кийин 250% өскөнү көрсөтүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз