Воскресенье, 12 мая

АКШ: Орусия жарандык кемелерге кол салат

0

Америка Кошмо Штаттары Орусиянын Украина портторунун кире беришине кошумча деңиз миналарын койгонун жана бул тууралуу Украинаны айыптап, Кара деңизде жарандык кемелерге кол салышы мүмкүн экендигин айтты. Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар координатору Жон Кирби күнүмдүк онлайн маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Кирби Орусиянын Украина портторуна кол салгандыгын жана айыл–чарба инфраструктурасына зыян келтиргендигин белгилеп, Москванын кол салууларын Кара деңиздеги жарандык кемелерге  карата кол салууларды да камтый тургандай кеңейте алары боюнча эскертти. Кирби Орусиянын Дан коридору келишимине кайтуусуна карата чакырыгын кайталады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз