Воскресенье, 28 апреля

Польша да Орусия-Украина согушуна кошулабы?

0

Польшанын лидерлери НАТОнун коргоосундагы коалиция түзүп, Украинадагы жаңжалга кийлигишүүнү пландап жатышат. Алар өздөрү ойлогондой тарыхый жерлерин кайтарып алгылары келет. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

«Польшалык лидерлер «НАТО кол чатырынын астында» коалиция түзүү менен Украинадагы конфликтиге түздөн-түз кийлигишүүнү каалап жатышы мүмкүн. Максаты – Украинанын майлуу-сүттүү жерин тартып алуу. Алар бул өлкөнүн батыш тарабын өзүнүн тарыхый жери катары эсептешет», – деди Путин.

Өлкө башчысы поляктар беларустардын дагы жерине көз артып келерин кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз