Воскресенье, 8 сентября

Данияда ашынган топтун мүчөлөрү Куранды өрттөштү

0

Данияда исламга каршы болгон жана ашынган улутчул “Данске патриоттору» маргиналдык топтун мүчөлөрү Ирактын Копенгагендеги элчилигинин алдында Куранды өрттөштү.

Исламга каршы жана исламга акаарат келтирген ураандарды кыйкырган топтун мүчөлөрү Ирак желегин жана Куранды жерге ыргытып, тебелешти. Куранды өрттөгөн бул чагымчыл топ ошол учурду соцтармактан жарыялады.

Даниялык патриоттор деп аталган маргиналдык топ мурда Копенгагендеги Түркия элчилигинин алдында Түркиянын желегин жана Куранды өрттөп, сламга акаарат келтирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз