Пятница, 18 октября

Казакстан дүйнөдө жайылып жаткан «денге» калтыратмасына каршы чара көрүүдө

0

Казакстан чет мамлекеттерге каттаган авиабортторго көзөмөлдү күчөткөнүн «Хабар 24» жазды.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги Египетте «денге» калтыратмасына окшош белгисиз оору аныкталганын белгилеген. Анда бейтаптардын дене табы көтөрүлүп, башы ооруп, кускусу келет.

«Эки казакстандыкта «денге» калтыратмасы аныкталды. Бирөө Астананын, экинчиси Павлодардын тургуну, экөө тең инфекцияны Таиланддан алып келген», — деп жазды телеканал.

Учурда коронавирус жайылган учурдай эле аэропорттордо жүргүнчүлөрдүн дене табын өлчөп, отурган жерлерде дезинфекция жүргүзүлүүдө. «Денге» калтыратмасы чиркей аркылуу дагы жуккандыктан, дарыгерлер тропик өлкөсүнө барган эс алуучуларды жабык кийинип же денеге коргоочу каражаттарды сүйкөп алууга кеңеш берген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз