Пятница, 3 мая

Мектеп формасы кандай болуу керек?

0

Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык мүнөзгө ээ. Жалпы билим берүү уюмдарында спорттук кийимди жана бут кийимди, жынсы кийимдерди, пляждагы, үйдөгү кийимдерди жана бут кийимди кийип жүрүүгө жол берилбейт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

«Эркек балдар, өспүрүмдөр үчүн мектеп формасы төмөнкүдөй кийимдердин топтомунан турат: ар кандай айкалыштагы көйнөк, жилет, шым жана пиджак. Пиджак, жилет жана шым бир түстүү кездемеден (кара, боз, көк жана кочкул кызыл) классикалык стилде тигилет.

Кыздар үчүн мектеп формасы төмөнкүдөй кийимдердин топтомунан турат: классикалык стилде тигилген ар кандай айкалыштагы блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджак. Пиджак, көйнөк жана шым бир түстүү же чакмак кездемеден (кара, боз, көк жана кочкул кызыл) тигилет.

Окуучулардын мектеп формасында жалпы билим берүү уюмунун, класстын айырмалоочу белгилери: эмблема, төш белги, сайма болушу мүмкүн.Окуучулардын мектеп формасы аба ырайына жана окуу сабактарын өткөрүүчү жерге, окуу бөлмөлөрүндөгү температуралык режимге ылайык болууга тийиш.

Социалдык жактан аярлуу катмардагы ата-энелерди мектеп тарабынан белгиленген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз. Алар окуучуну талап кылынган “үстү ачык, асты кара түстөгү” форма менен камсыздаса болот»,- деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз