Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 28-июлдан 30-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
ӨКМ нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел-кыян каптоонун алдын алуу максатында үйлөрдүн жана чарбактардын жанындагы арыктарды таза кармоону эскертти.