Чүй облусундагы эки техникумдун авто мектеби айдоочулук күбөлүк берүү укугунан ажыратылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Тактап айтканда, Сокулук районунун Шопоков шаарындагы №16 кесиптик лицейи менен Ысык-Ата районунун №49 кесиптик лицейинин транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишмердүүлүгүнүн лицензиялары токтотулду.