Понедельник, 20 мая

«Төө-Ашуудагы» тоннелге асфальт төшөө иштери мөөнөтүнөн мурда аяктады

0

«Төө-Ашуудагы» тоннелге асфальт төшөө иштери мөөнөтүнөн мурда аяктады. Эми жол сызыктары чийилген соң чектөөлөр алынат дейт транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев.

«Чектөөлөр болжол менен 2-август күнү кечки саат 16:00дөн кийин алынат, азырынча мурдагы графикти кармап турабыз. Буга чейин айтылган 6-августка жеткирбей жол толугу менен ачылат»,  деди министр.

Бүгүн, 1-августта дренаж казылган жердин ордуна, ошондой эле кошумча айрым жерлерге асфальт басылат.

Тоннель кызматына айлана-чөйрөнү, тоннелдин кире бериш жерлерин көрктөндүрүү боюнча тапшырма берилген. Жакынкы күндөрү иштер башталат, ал учурда унаалар үчүн эч кандай чектөөлөр болбойт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз