Воскресенье, 12 мая

Орусияда аскердик комиссариаттарга кол салгандар көбөйдү

0

31-июлда Орусиянын Санкт-Петербург, Казань, Омск, Калуга, Можайс, Подольск жана башка шаарларында аскердик комиссариаттардын имараттарын өрттөө аракети катталды.

«База» Телеграм-каналы жазгандай, кылмышка шектелип кармалгандардын баары аларды телефон аркылуу кайсы бир шылуундар бул ишке барууга мажбурлаганын айтышкан. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү аялдар болуп чыкты. Алардын бири да саясий талаптар тууралуу айтышкан эмес.

Калуга менен Казань шаарларында аскердик комиссариатты өрттөөгө 78 жана 62 жаштагы пенсионер аялдар аракет кылышкан. Ал эми Воронеж облусунда тарых мугалими кармалды.

Буга чейин «Медиазона» басылмасы жазгандай, Москва Украианга согуш ачканы Орусияда аскердик комиссариаттарды жана башка мамлекеттик мекемелерди өрттөө боюнча 113 жолу аракет көрүлгөн. Бул окуялары боюнча кылмыш иштери козголуп, жүздөн ашуун адам кармалган. Алардын 37си 19 жылга чейин түрмөгө кесилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз