Воскресенье, 28 апреля

Сентябрда көзү ооругандарга акысыз операция жасалат (Маалымат)

0

Саламатык сактоо министрлиги көздүн катаракта дартына текшерилип, акысыз операция жасатууну каалаган жарандарды каттоодон өтүүгө чакырат.

Министрлик билдиргендей, быйыл 12-26-сентябрда Кытайдан келген офтальмологдор кыргызстандыктардын көздөрүн текшерип, катаракта боюнча операция жасайт. Ал үчүн жарандар 8-сентябрга чейин Тоголок Молдо 1/7 дарегине (Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасы) барып, алдына ала текшерилип, каттоодон өтүшү керек. Каттоо дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09:00-16:00дор аралыгында жүргүзүлөт.

Жарандардан жанында өздүгүн тастыктаган документтер, маалымкат (пенсия, майыптыгы, баатыр эне тууралуу ж.б. күбөлүгү) болушу керек. Байланыш үчүн телефон: 0990800483

Эскерте кетсек, буга чейин «Экспресс ден соолук – Жаркын саякат» долбоорунун алкагында кытайлык дарыгерлер Кыргызстандагы катаракта дартына чалдыккан 600 адамга акысыз операция жасай турганы кабарланган. Бишкекте 300 адамга, Ошто 300 кишиге операция жасалат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз