Суббота, 27 апреля

Украинадагы согуш. Эрдоган Путинди чыңалууну күчөтпөөгө чакырды

0

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү өткөрдү. Сүйлөшүүдө эки лидер Путиндин Түркияга сапары тууралуу макулдашты. Путин Анкарага ушул айда бараары белгилүү болду.

Ошондой эле Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусиянын лидери Владимир Путинди Украинадагы согушта чыңалууну күчөткөн аракеттерден карманууга чакырды.

Эрдоган Түркиянын Кара деңиз демилгесинин улануусу үчүн тыгыз аракеттерди жана дипломатиясын уланта турганын айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз