Пятница, 10 мая

Алайкуда мектеп толугу менен күйүп кетти (Видео)

0

Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл аймагына караштуу Кайың-Талаа айылындагы мектепти өрт чалды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы бүгүн, 2-августта кабарлады.

Тилсиз жоо 15:30га жакын курчоого алынган. Өрттүн себептери жана жабыркагандар бар-жогу айтыла элек.

ӨКМдин маалыматына караганда, өткөн суткада өлкө боюнча 27 өрт кырсыгы катталган. Жабыркагандар жана каза болгондор болгон эмес.

Былтыр өрттөн өлкөдө 30 адамдын өмүрү кыйылган. Жалпысынан 3194 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 3 миллиард сомдон ашкан. 31 адам куткарылып, 52 млрд сомдук мүлк сакталып калган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз