Суббота, 18 мая

Чуӊкурчак жайлоосунда кымыз этнофестивалы өтөт

0

Үстүбүздөгү жылдын 5-август күнү Аламүдүн районунун Чуӊкурчак жайлоосунда республикалык деңгээлде «Kымыз FEST-2023» этнофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө боз үй шаарчалары түшүп, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары, асыл тукум жаныбарлардын жарманкеси жана спорттун үч түрү (аркан тартыш, кол күрөш, таяк тартыш) боюнча мелдештер уюштурулат.

«Фестиваль кыргыз элинин үрп-адаттары аркылуу улуттук суусундук катары бээнин сүтүнөн даярдалган кымыздын тарыхый баалуулугун жаш муунга жайылтуу максатында өтөт. Ошондой эле кымызды ичүү маданияты, анын жасоо шарттары жана түрлөрү жөнүндө коомчулукка кеңири маалымат берилет», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз