Суббота, 4 мая

Сел жүргөн аймакка ӨКМ министри барды

0

Ысык-Көлдө нөшөрлөгөн жамгырдан улам Байзак жана Кең-Суу айылдарында сел жүрдү. Жерине өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев барып, абал менен таанышты.

Такталгандай, 2-августта саат 19:00 чамасында нөшөрлөп жааган жаандан улам кокту-колоттордон келген сел суулары Түп районуна караштуу Байзак айылындагы 6 турак үйдүн жана Кең-Суу айылындагы 2 үйдүн жер төлөсүн каптаган.

Облуста жумушчу сапарда жүргөн министр Бообек Ажикеев дароо аталган аймакка барып, абал менен жеринен таанышты. Жергиликтүү тургундар менен кезиккен министр түнү менен суу кирген үйлөрдүн жер төлөлөрүн куткаруучулар мотопомпанын жардамы менен сууну сордуруп чыгарып, таң эрте жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары тартылып, жабыр тарткан башка турак үй жана айдоо талааларын аныктап чыгып, тиешелүү иштер жүргүзүлөт деп баса белгиледи. Ошондой эле аймактын эли Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар суроолоруна жооп ала алышты.

Учурда турак жайлардын короо менен жана жер төлөсүн ӨКМдин куткаруучулары тазалоодо.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз