Четверг, 2 мая

Кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси талкууланды

0

Кыргызстандык жарандарды Германияда билим алуу жана ишке орноштуруу маселеси талкууланды. Мындай мүмкүнчүлүктөр Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев менен Германиянын Федералдык Өкмөтүнүн миграциялык макулдашуулар боюнча атайын өкүлү Йоахим Штамптын жолугушуусунда талкууланды.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 4-августта өткөн жолугушууга ошондой эле ишке орноштуруу, коопсуздук жана санариптештирүү боюнча федералдык министрликтердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү да катышты.

Министрдин орун басары менен атайын өкүл Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, атап айтканда, Кыргызстандын жарандарынын Германияда билим алуу жана ишке орноштуруу маселелер көтөрүлдү.

Имангазиев кыргызстандыктардын Германияда жүрүүсүн жеңилдетүү маселесинин, анын ичинде виза маселесинин, ошондой эле визасыз жүрүү жана реадмиссия боюнча келишимдерди түзүүнүн мындан аркы талкуулоосу белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз