Понедельник, 20 мая

Милиция кызматкери сууга агып бара жаткан баланы куткарып калды (Видео)

0

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Аламүдүн каналындагы сууга агып келе жаткан өспүрүм баланы сактап калышты.

Милиция кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, окуя бүгүн болгон. Куткарылган баланын абалы жакшы.

Кайгуул кызматы ата-энелерге кайрылып, кичинекей балдардын коопсуздугу өтө маанилүү экендигин жана аларга ар дайым көз салып туруу керектигин эскертет.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз