Четверг, 9 мая

Орусияда аскер жетишсизби? Путин аскердик куракты 27ден 30га көтөрдү

0

Орусияда аскерге чакыруунун жогорку курагы 27ден 30га көтөрүлсө, бул курактагыларга чет өлкөгө чыгууга да тыюу салынды.

Орусиянын президенти Владимир Путин өз өлкөсүндөгү аскерге чакыруу процессине жана Федералдык Улуттук гвардия кызматына (Росгвардия) байланыштуу бир нече чечимдерди жактырды.

Ага ылайык, аскерге чакыруунун жогорку курагы 27ден 30га чейин көтөрүлсө, эми 18 жаштан 30 жашка чейинки жарандар Орусияда аскердик кызматка чакырыла алышат. Чечим 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Путин жактырган башка резолюцияларга ылайык, Орусиядагы аскерге милдеттүүлөргө чет өлкөгө чыгууга тыюу салынган, ал эми Росгвардия эми оор аскердик техникаларды сатып алып, колдоно алат.

Мындан тышкары, Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана ар кандай коопсуздук бөлүмдөрүнө учкучсуз учуучу аппараттарды атып түшүрүүгө уруксат берилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз