Пакистан полициясы соттун чечими менен Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Ханды Лахордогу үйүндө камакка алды.
Пакистан маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Хан премьер-министр болуп турганда алган белектеринин чоо-жайын ачыкка чыгарбаганы үчүн сотто күнөөлүү деп табылды.
Исламабад соту Ханды 3 жылга эркинен ажыратты.
Пакистан Адилеттик Кыймылы партиясынын (PTI) баш катчысы Өмер Эйүп Хан, мурда Twitter деп аталган X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө Имран Хандын камакка алынганын жарыялады.
Пакистандын Адилет жана укук министри Азам Назир Тарар буга чейинки билдирүүсүндө, Имран Ханга 5 жылга саясатка тыюу салынганын кабарлаган.
Пакистандын мыйзамдарына ылайык, премьер-министрлер, министрлер, чиновниктер жана жогорку кызматтагы чиновниктер чет элдик мамлекеттик ишмерлерден алган белектери тууралуу «Тошахана» деп аталган департаментке билдирүүгө милдеттүү. PTI өкмөтү учурунда Имран Ханга берилген белектер тууралуу билдирилген эмес.