Понедельник, 20 мая

Милиция Бостеридеги өлүм тууралуу дооматтарга жооп берди

0

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы милиция Бостериге эс алууга барган таластык 23 жаштагы А.Б. өлүмүнүн себебин жашыргысы келип жатат деген маалыматты төгүндөдү.

Буга чейин интернетке «Золотые пески» пансионатынын жээгиндеги мушташтан улам бала каза болгону тууралуу маалымат тараган. Бул тууралуу маркумдун улуу агасы билдирген. Анын айтымында, экспертизадан кийин милиция баланын талмасы кармап каза болгонун кабарлаган. Эми анын жакындары окуянын күбөлөрүн издеп жатышат. Маркумдун достору анын эч качан талма оорусу болбогонун белгилеп, тергөөнү акыйкат жүргүзүүнү талап кылышууда. Милиция болсо алгачкы кароодо маркумдун денесинен кыйноонун белгилери табылбаганын, ага биринчи жардам көрсөтүү учурунда «тилин жутуп алганын байкадым» деген кишинин (өзүн медкызматкер катары тааныштырган) сөзүн келтиришти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз