Суббота, 18 мая

Футбол боюнча улуттук кураманын жаңы формасына баа бериңиз (Фото)

0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы жаңы формалуу болуп, аны күн мурун расмий түрдө презентациялады. «Ак шумкарлардын» жаңы формасына кыргыздын оюм-чийимдери түшүрүлгөн.

Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, күн мурун өткөн иш-чаранын алкагында 2023/2024 коллекциясындагы биринчи футболканын кайрымдуулук аукциону өттү. Андан түшкөн каражат Кыргызстандагы балдар үйлөрүнүн бирине жардам катары жумшалат.

Кыргыз футболдук союзу менен испаниялык Joma бренди иштеп чыккан мерч 11-августта массалык сатууга чыгат. Улуттук курама команданын расмий экипировкасын Joma спорттук дүкөнүнөн жана КФС расмий сайтынан сатып алса болот.

Эксклюзивдүү дизайн. Оюн футболка, башкача айтканда, үй формасы бозомук-кочкул кызыл түстөгү стилдештирилген оюу-чийимдер менен айкалыш.

  • кызыл түс — өлкөнүн туусу, жаратылыштын жашоосу жана күчү;
  • сары түс — түшүмдүүлүк жана өркүндөө;
  • жең жана моюн — туудагы күндү элестетүү;
  • орнаменттер турган оюу-чийүүлөр — талисман катары байыркы замандардан бери колдонулган, команданын өсүүсүнө жана биримдүүлүгүнө негизделген;
  • оюу-чийүүлөрдүн көкүрөк жакка жайгашуусу — кандайдыр бир коргоочу тумар жараткан туулга сыяктуу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз