Суббота, 4 мая

Кыргызстанда желим буюмдарын өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат

0

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тарта өлкө аймагында полимер пленкасынан жасалган баштык жана пластик буюмдарды колдонууга тыюу салынат.

Тийиштүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгонун анын маалымат кызматы билдирди.

Документ полимер материалдарынын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтууга багытталган.

Эреже бузган жеке жана юридикалык жактарга, ошондой эле соодагерлерге айып салынат.

Кабыл алынган мыйзам расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз