Четверг, 9 мая

Чек ара кызматы: “Достук-автожолдо” тыгын бар

0

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан “Достук-автожол” өткөрүү жайы штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынан кабарлашкандай, өзбек тараптын маалыматы боюнча Өзбекстандын бажы кызматы “Дустлик-автожол” (ӨР) КӨЖда пилоттук режимде иштеп жаткан “Е-Транзит” программалык камсыздоосун орноткон.

«Бул тиркеме өзбек тараптын КӨЖнан транспорт каражаттарынын тезирээк өтүшүн камсыздоо максатында чет элдик жарандар үчүн иштелип чыккан.

Буга байланыштуу “Достук-автожол” КӨЖда (КР) Кыргызстандан Өзбекстанга чыкканга транспорт каражаттарынын топтолуусу катталууда», — деп айтылат маалыматта.

Жүк ташуучу транспорт каражаттарынын айдоочулары арасында өзбек тарап жаңы программалык камсыздоону киргизгендиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

КРнын чек ара өкүлдөрү Өзбекстан Республикасынын чек ара өкүлдөрү менен туруктуу байланыш кармап турушат.

КР УКМК Чек ара кызматы айдоочуларды жана жүк ташуучуларды түзүлгөн жагдайга түшүнүү менен мамиле кылууга үндөйт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз