Суббота, 27 апреля

Кар жаайбы? ӨКМ эскертти

0

2023-жылдын 14-августунда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы кескин төмөндөп: 14-15-августтарында Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 20…25°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 18…23°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 23…28°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 10…15°, бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5°, күндүз 4…9° ка чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 5…10°, күндүз 18…23°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 4…9°, күндүз 18…23°ка чейин болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2023-жылдын 14-августунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз