Суббота, 27 апреля

Чолпон-Атада кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын 10-жыйыны өтүүдө

0

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйыны өтүүдө.

Жыйынга Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышууда.

Жолугушууда тараптар буга чейин жогорку деңгээлде жетишилген бир катар маселелерди талкуулайт. Тараптар ошондой эле Кытай – Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушун, Камбар-Ата ГЭСин куруу долбоорлорун талкууламакчы.

Мындан тышкары, жолугушууда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык тармактарда кызматташуу маселелери каралат.

Күн мурун Абдулла Арипов баштаган өзбек делегациясын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кабыл алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз