Четверг, 9 мая

Кападокияда асман түрдүү шарлар менен кооздолду (Фото)

0

Түркиянын пери морулары менен атактуу аймагы болгон Кападокияда түрдүү формадагы кызыктуу ысык аба шарлары орун алды. Англия, Швейцария, АКШ, Германия, Франция, Бельгия, Испания, Португалия, Словения, Македония, Люксембург жана Түркиядан келген 22 фигуралуу шарлар көрсөтмө учууларды аткарды. Сүрөтчүлөрдүн өзгөчө оймо-чиймелери менен боёлгон, «Балмуздактар», «Өрдөк», «Обеликс», «Осьминог», «Космос Шатл» жана «Обеликс» сыяктуу түрдүү фигуралар менен кооздолгон аба шарларына жергиликтүү жана чет элдик туристтер чоң кызыгуусун көрсөтүштү.

«Кападокия шары жана маданият маршруту фестивалынын» алкагында өткөрүлгөн эл аралык иш-чарада эртең менен эрте башталган даярдыктардан кийин шарлар биринин артынан бири асманга көтөрүлдү. Тажрыйбалуу учкучтар Кападокиянын асманында фестивалга уникалдуу болгон түрдүү түс жана моделдерде жасалган ысык аба шарларын чеберчилик менен башкарса, дүйнөдө теңдеши жок пери моруларынын мистикалык пейзаждарында шарлардын бийи көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратты.

ТУРКИЯНЫН МАДАНИЯТ МАРШРУТУ ФЕСТИВАЛДАРЫ БЫЙЫЛ 11 ШААРДА ӨТКӨРҮЛӨТ

Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги тарабынан 2021-жылдан бери уюштурулуп келе жаткан Түркия маданият маршруту фестивалдары 5-августта Кападокияда башталды. Дүйнөнүн эң комплекстүү маданият жана искусство долбоорлорунун бири катары уюштурулган Түрк маданияты маршруту фестивалдары быйыл 11 аймакта өткөрүлөт.  5-13-августта өткөрүлгөн Кападокия шары жана маданият жолу фестивалынан кийин Түркиянын Трабзон, Эрзурум, Чанаккале, Газиантеп, Анкара, Конья, Стамбул, Диярбакыр, Измир жана Анталья облустарында  да фестивалдар өткөрүлөт.

ТУРКИЯНЫН МАДАНИЯТ МАРШРУТУ ФЕСТИВАЛДАРЫНЫН ПРОГРАММАСЫ:

  • Кападокия шары жана маданият маршруту фестивалы – Невшехир 05-13 август, 2023-жыл
  • Сүмела маданият маршруту фестивалы — Трабзон 19-27-август, 2023-жыл
  • Паландокен маданият маршруту фестивалы – Эрзурум 19-27-август, 2023-жыл
  • Троя маданият маршруту фестивалы – Чанаккале 09-17-сентябрь, 2023-жыл
  • Гастроантеп маданият маршруту фестивалы – Газиантеп 16-24-сентябрь, 2023-жыл
  • Башкент маданият маршруту фестивалы – Анкара 16-сентябрь – 01-октябрь, 2023-жыл
  • Конья мистикалык музыка фестивалы – Конья 23-30-сентябрь, 2023-жыл
  • Бейоглу Маданият Маршруту фестивалы – Стамбул 30-сентябрь – 15-октябрь, 2023-жыл
  • Сур Маданият Маршруту фестивалы – Диярбакыр 14-22-октябрь, 2023-жыл
  • Эфес Маданият Маршруту Фестивалы – Измир 28-октябрь – 05-ноябрь, 2023-жыл
  • Анталья маданият маршруту фестивалы – Анталия 04-12-ноябрь, 2023-жыл

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз