“Мбанк” деген ат менен таанымал “КЫРГЫЗСТАН коммерциалык банкы” акционердик коомуна тиешелүү банкка карата социалдык түйүндөрдө ар түрдүү нааразычылыктар айтылууда. Жарандар Мбанктын төлөм системасындагы кемчиликтердин айынан акчаларын жоготуп жатышканын айтышууда.
Фатима Сыдыкова аттуу жаран канчалаган убакыттан бери Мбанкка алдырып жиберген акчасын ала албай жатканын айтууда. Ал кечээ Улуттук Банктын өкүлдөрү менен жолугушканын маалымдады. Ал эми Нурмухаммед Жаркынбаев деген жаран, эки жылдан бери аталган банк менен соттошуп жатканын айтты. Нурмухаммед Жаркынбаев соттук процесс жүрүп жатканын, бул иш 21-августта Жогорку Сотто каралаарын эске салды.
