Понедельник, 20 мая

Чүйдүн Васильевка айылынын имамына кылмыш иши козголду (Фото)

0

Ички иштер министрлиги Чүй облусунда 17 жашар кызга нике кыйган имам тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, Аламүдүн районуна караштуу Васильевка айылынын Э.Р. аттуу имамы 2005-жылы туулган Б.М. аттуу кызды өзүнөн он жаш улуу Ш.Х. аттуу жаранга никесин кыйганы аныкталды. Айылдын имамы башында камалып, сотто бөгөт чарасы аныкталганда, үй камагына чыгарылды.

«Буд фактыга байланыштуу Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси («Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу») боюнча кылмыш ишин козгоду. Имам милициянын убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сотто ага карата үй камагына чыгаруу бөгөт чарасы тандалды. Тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлдү», — деп жазылган маалыматта.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз