Четверг, 9 мая

Апааттарга карабастан Түркиянын экономикасы өсүүдө

0

Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз, Түркиянын 6-февралда болгон жана өлкөгө чоң зыян алып келген жер титирөөгө карабастан экономикалык өсүүсүн улантканын баса белгиледи.

Жевдет Йылмаз борбор шаар Анкарада Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) Түрк экономикалык кеңешинде сөз сүйлөдү. Түркиянын күчтүү өндүрүш жана экспорт мүмкүнчүлүктөрү менен оң айырмачылыкка жетишкенин айткан Йылмаз: «6-февралдагы жер титирөө апаатына карабастан Түркиянын экономикасы 2023-жылдын биринчи чейрегинде 4 пайызга өстү», — деди.

Түркиянын күчтүү өндүрүш жана экспорт мүмкүнчүлүктөрү менен башка өлкөлөрдөн позитивдүү түрдө айырмаланганын билдирген Йылмаз, Түркиядагы жалпы жумуштуулуктун да 2023-жылдын июнь айында өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 265 миң кишиге өсүп 31,7 миллионго жеткенин маалымдады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз