Америка Кошмо Штаттары Нидерландиянын Украинага F-16 аскердик учактарын берүүсүнө макул болду.
Нидерландиянын коргоо министри Кайса Оллонгрен өзүнүн социалдык медиада жарыялаган билдирүүсүндө уруксаттын берилгендигин ырастады.
Оллонгрен: «АКШнын Украинага F-16 согуштук учактарын берүүнү жактыруусун кубаттайбыз. Бул украиналык учкучтарды даярдоону аягына чыгарууга мүмкүндүк берет», — деп кийинки кадамдар үчүн европалык өнөктөштөрү менен байланышта болорун билдирди.
Голландиянын тышкы иштер министри Вопке Хоекстра да АКШлык кесиптеши Антони Блинкенге кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип: «Бул кадам Украина үчүн өз элин жана өлкөсүн коргоо үчүн маанилүү учур», — деди.
Украинага F-16ларды жеткирүү үчүн Нидерландия жана Дания баштаган өлкөлөр май айында НАТОдо кеңири колдонулган, АКШда жасалган F-16 аскердик учактары үчүн украиналык учкучтарды окутуу боюнча макулдашкан.