Пятница, 22 ноября

Кыргыз жарандары эми Мальдивде визасыз эс алышат

0

Кыргызстандыктар эртең, 20-августтан тарта Мальдивге визасыз уча алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган КР министрлер кабинети менен Мальдив өкмөтүнүн ортосундагы визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуу 2023-жылдын 20-августунда күчүнө кирет.

Макулдашууга ылайык Кыргызстандын жана Мальдив Республикасынын – паспортторунун бардык типтеринин ээлери (жалпы жарандык, дипломаттык жана кызматтык/расмий паспорттору) 30 күнгө чейин эки өлкөнүн аймактарына кирүүдө, андан чыгууда жана убактылуу жашап турууда визалык талаптардан бошотулат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз