Понедельник, 6 мая

Кытайлык электромобил чыгарган компания Бишкекте тейлөө борборун ачат

0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна болгон жумуш сапарынын алкагында “BYD Co Ltd” электр автомобилдерин чыгаруучу корпорациясынын төрагасынын орун басары Иван Цао менен жолукту.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушууда тараптар электромобилдерди, май куюучу станцияларды жана кубаттоо системаларын чыгаруу жана сатуу боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Акылбек Жапаров белгилегендей, КР министрлер кабинети электромобилдерди ишке киргизүү жана андан ары эксплуатациялоо боюнча мамлекеттик дем берүүчү программаны кабыл алууга жана өлкө боюнча кубаттоочу жайларды орнотуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр.

Өз кезегинде Иван Цао 2023-жылдын төртүнчү кварталында компания Бишкек шаарында тейлөө борборун ачууну пландап жатканын белгилеп, кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

Андан ары министрлер кабинетинин төрагасы “Chongqing Changan Automobile Company Limited” электромобилдерди чыгаруу боюнча автоконцернинин башкармалыгынын төрагасы Чжу Хуажун менен жолукту.

Тараптар КР мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү жана кытайлык автоконцерндин тиешелүү кызмат адамдары менен түз байланыштарды түзүү аркылуу кызматташууну баштоону чечишти.

Минуаб төрагасы Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевге компаниянын өкүлдөрү менен сүйлөшүү процессин баштоону, ошондой эле компаниянын төрагасынын Кыргызстанга өз ара сапарын уюштурууну тапшырды.

Ал белгилегендей, өлкөнүн көмүртектүү нейтралдуулукка жетишүү боюнча милдеттенмелеринин алкагында кубаттоочу жабдыктарды жана электромобилдерди чыгаруучу заводду куруу жана ишке киргизүү менен күйүүчү май менен жүргөн унаалардан экологиялык жактан таза электромобилдерге тез аранын ичинде өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Өз кезегинде автоконцерндин башкармалыгынын төрагасы кызматташууга даяр экенин ырастап, компаниянын бул жааттагы тажрыйбасы Бишкекти “жашыл шаарга” айландырууга мүмкүндүк берээрин белгиледи.

Ал ошондой эле адистердин айтымында, электромобилдерди сатып алууга кеткен каражат 2 жылдын ичинде өзүн актаарын, башкача айтканда, транспорттун бул түрү экологиялык жактан гана таза эмес, үнөмдүү дагы экенин кошумчалады.

 

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз