Воскресенье, 12 мая

1-сентябрдан тарта мектеп директорлорунун жана орун басарынын айлыктары көбөйөт

0

1-сентябрдан тартып жалпы билим берүү уюмдарынын, атайын мектептердин жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарынын директорлорунун жана директорлорунун орун басарларынын кызматтык маяналары 50%га жогорулатылды.Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Билим берүү уюмдарынын директорлорунун жана директорлорунун орун басарларынын эмгек акысын жогорулатуу үчүн жылына 549 ​​млн сом, 2023-жылдын 1-сентябрынан тарта 183 млн сом талап кылынат.

Натыйжада, 1-сентябрдан тарта Ысык-Көл облуснун айылдарынын бириндеги 100-600 окуучу билим алган мектептин 13 жылдан ашык эмгек стажы бар директору мурда 19 миң 143 сом айлык акы алса, эми 28 миң 715 сом маяна алат. Ал эми 13 жылдан ашык стажы бар бул мектептин директорунун орун басары 1-сентябрдан баштап айлык акы жогорулатылганга чейин 17 миң 413 сом алса, мындан ары 26 миң 120 сом маяна алат.

Өзгөн районундагы 1800дөн ашык окуучусу бар айылдык мектептин биринде 15 жылдан ашык эмгектенген мектептин директору айлык жогорулатылганга чейин 23 миң 731 сом алса, эми 35 миң 597 сом маяна акы алат. Ал эми 15 жылдан ашык стажы бар бул мектептин директорунун орун басары 1-сентябрдан тарта мурда төлөнүп келген 21 миң 360 сомдун ордуна 32 миң 40 сом маяна акы алмакчы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз