Воскресенье, 28 апреля

Сентябрдан тарта унаа, турак жай жана жер салыгын төлөбөгөндөргө айып салынат

0

Сентябрдан тарта унаа, турак жай жана жер салыгын төлөбөгөндөргө айып салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, МСК салык төлөбөндөрдү табуу жана айып салуу боюнча иш-чараларды жүргүзө баштайт.

Мыйзамга ылайык, салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары, салыкты мөөнөтүндө төлөөгө жетишпей калган транспорттун, турак жайдын жана жердин ээлери административдик айып акы, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрына чейин транспорт, турак үй, батир жана үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салыкты төлөө зарыл.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом административдик айып салынат. Туум күн сайын салыктын суммасынын 0,09% өлчөмүндө эсептелет.

Салык кызматы административдик жоопкерчиликтен жана туумдарды эсептөөдөн качуу үчүн транспорт каражаттарынын, турак-жайдын жана жер үлүштөрүнүн ээлерин салыктын тиешелүү суммасын өз убагында жана толук төлөөгө чакырат.

Кеңири маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз