Суббота, 4 мая

Таштанды контейнерлери турган аймактарда видео камералар орнотулду

0

«Тазалык» муниципалдык ишканасы айрым таштанды контейнерлери турган аймактарда видео камераларды орнотту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көбүнчө камералар, таштандылар мөөнөтүнөн мурда толуп калган же тигүү цехтеринен чыккан жана курулуш калдыктары менен толгон жерлерге коюлду.

Белгилей кетсек учурда 19 камера иштеп жатат, жыл аягына чейин дагы 20 камера ишке кирет.

«Курулуш жана тигүү калдыктарын ыргыткан жарандардын видео материалдары муниципалдык инспекцияга өткөрүлүп берилет. Өз кезегинде инспекция КРнын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 115-беренесине ылайык — беренесинин негизинде айып салат», — деп айтылат маалыматта.

«Тазалык» ишканасынын мастерлеринин эсептөөнүндө бир камерага 2-3 материал келип түшөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз