“Take Off”- Түркиянын эң комплексттүү ишкердик саммити бул жылы да катышуучуларга чоң мүмкүнчүлүктүн эшигин ачуу алдында турат. Саммиттин негизги максаты түрк жана чет элдик ишкерлердин, инвесторлордун башын бириктирүү жана Түркияны бул тармак боюнча негизги борборго айлантуу болуп саналат. Бул жылы жергиликтүү стартаптар үчүн жарым финал Анкара жана Измирде өткөрүлөт. Ал эми жыйынтыктоочу иш-чара жергиликтүү жана эл аралык катышуучулар үчүн 2023-жылдын декабрь айында Стамбул шаарында уюштурулат. Белгилей кетсек “Take Off” стартап саммитинин программасына панелдик талкуулар, тармактык баяндамалар жана стартап презентациялары кирет. Мындан тышкары, саммит катышуучулар үчүн жеке бизнес семинарларды жана эл аралык тармактык мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылат. Ошондой эле, инвесторлор, мекемелер жана ишкерлер үчүн потенциалдуу жеке өнөктөштүк жолугушууларга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Бул жылы “Take Off” ишкердик саммити 3 башка “Pre-Seed”, “Early Stage” жана “Growth Stage” категорияларында өткөрүлөт. “Pre-Seed” жана “Early Stage” категориялары үчүн арыздарды кабыл алуу 2023-жылдын 15-августуна чейин жүргүзүлөт. Ал эми “Growth Stage” категориясына арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 2023-жылдын 15-сентябры болуп саналат.
“Pre-Take Off”то эң негизги башкы акчалай сыйлык 2 миллион 250 миң лира (83 000 АКШ доллары). Тагыраагы, өз категорияларында биринчи орунду алган ишкерлер 2 миллион 250 миң лира алуу укугуна ээ болот. Финалга чыккандар “Take Off Istanbul” фестивалында баш байге үчүн ат салышат. Стамбулда өтө турчу саммитте жалпы суммасы 200 миң долларлык инвестициялык сыйлык берилет.
Белгилей кетсек, “Take Off” саммити жыл сайын 100дөн ашуун өлкөдөн миңдеген арыздарды, 600дөн ашуун ишкерлерди жана инвесторлорду кабыл алып келет. Ошондой эле, саммиттин алкагында 2018-жылдан бери жалпы 1700 бизнес-машыктыруучу жолугушуулар өткөрүлгөн.
Жагымдуу аянтчадагы мыкты иш-чарага катышууну каалагандар өз тажрыйбасын, күчүн жана мүмкүнчүлүгүн сынап көрсө болот!