Суббота, 18 мая

Алайда жер көчтү (Видео)

0

Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 239-чакырымында жер көчкү жүрүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №960 Жол тейлөө мекемесининин кызматкерлери жана 1 жүктөгүч, 1 автогрейдер менен Ош шаарынан тартылган 1 жүктөгүч жана 1 трейлер иштеп жатат.

«Жалпы көлөмү болжол менен 4000 м3дан ашкан жер көчкүсү бүгүн эртең менен саат 09:00дөр чамасында жүргөн. Азыркы тапта да жер көчкү акырындан жылып жатат. Толук кандуу жумуштар көчкү токтогондо жүрөт», — деп айтылат маалыматта.

23-август кечки саат 18:00дор чамасында бир тараптуу жол берилери болжолдонууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз