Воскресенье, 5 мая

«Вагнердин» негиздөөчүсү Евгений Пригожин каза болду

0

«Вагнер» жалданма аскер компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Тверь облусунда бизнес учагы кулап каза болду. Бул тууралуу Федералдык аба транспорту агенттиги (Росавиация) жарыялаган рейстеги жүргүнчүлөрдүн тизмесинде айтылат.

23-август күнү кечинде учак кырсыгынан Евгений Пригожин каза болгонун “Вагнердин” жетекчилигине жакын Gray Zone Telegram каналы билдирди. “Россиянын баатыры, өз Мекенинин чыныгы патриоту Евгений Викторович Пригожин Россиянын чыккынчыларынын аракетинен улам каза болду” – деп айтылат билдирүүдө.

Embraer Legacy учагынын бортунда ишкерден тышкары “Вагнер” жеке аскердик компаниясынын командири Дмитрий Уткин болгон. Ошондой эле жүргүнчүлөр Николай Матусеев, Валерий Чекалов, Александр Тотмин, Евгений Макарян жана Сергей Пропустин. Ошондой эле тизмеде учактын экипажынын үч мүчөсү – командир Алексей Левшин, экинчи учкуч Рустам Каримов жана стюардесса Кристина Распопова бар болчу.

Бардык сөөктөр абдан күйүп кеткендинтен ДНК аркылуу аныктоо керек.

Буга чейин Пригожиндин каза болгонун “Биз Орусия мененбиз” кыймылынын төрагасы Владимир Рогов жарыялаган. Ал “Вагнер” жеке аскердик компаниясынын айрым өкүлдөрү менен сүйлөшкөн жана алар ага бизнесмендин өлүмүн тастыкташкан.

Расмий түрдө орус бийлиги Пригожин менен Уткиндин өлүмүн шаршемби күнү кечинде тастыктаган жок.  

Эскерте кетсек, бортунда он адам бар жеке менчик Embraer Legacy учагы Тверь облусунда кулап түштү. Бул тууралуу Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

“Учакта он адам, анын ичинде үч экипаж мүчөсү болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, учактагылардын баары каза болгон”, – деп айтылат маалыматта.

Учак Куженкино айылына жакын жерге кулаганы жана Москвадан Санкт-Петербургга учуп баратканы такталган. 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз