Четверг, 9 мая

Дагы бир өлкө Украинага F-16 кыргын учактарын берүүгө камданууда

0

Нидерландия жана Даниядан кийин Норвегия да Украинага F-6 аскердик учактарын берүү чечимин кабыл алды.

Норвегиялык медиа NRK жана TV2 темага жакын булактарга таянган кабарда Норвегиянын Украинага F-16 согуштук учактарын жөнөтө турганы айтылды. Бул тууралуу азырынча расмий билдирүү жасала элек.

Норвегия, Нидерландия жана Данияндан кийин Украинага бул учактарды жиберген үчүнчү өлкө болот.

Ал эми жакында Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Сток расмий сапар менен Украинага барат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз